МЧ'дер үчүн
Тексттин көлөмү:
Түс:
Сүрөтөр:

Көп берилүүчү суроо

Имараттын фасадында мамлекеттик жана расмий тилде дарыкананын аталышы, тиешелүүлүгү жана иштөө режими көрсөтүлгөн маалыматтык такта (вывеска) болушу керек.

дүң сатуу үчүн кампа – кеминде 20 кв.м

Чекене сатуу жүргүзүлгөн ветеринардык дарыкананын аянты кеминде 10 чарчы метр болушу керек жана анда сактоо зонасы жана кардарларды тейлөө зонасы каралышы керек.

Эгерде берилген документтер мыйзам талаптарына же лицензиялык талаптарга жооп бербесе, лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Лицензия жана (же) уруксат берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө арыз жана ага тиркелген документтер катталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

Лицензия төмөнкү ишмердүүлүктү жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге талап кылынат:

ветеринардык дары каражаттарын өндүрүү (даярдоо);

ветеринардык дары каражаттарын дүң сатуу;

ветеринардык дары каражаттарын чекене сатуу (ветеринардык дарыканалар аркылуу).