КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин жөнгө салат. Борбор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын (мындан ары -Кызмат) карамагында турат жана ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды (мындан ары - ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбор мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, ыкчам башкаруу укугунда обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланкы, эмблемасы бар.
5. Борбордун расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр ветеринарных лекарственных средств и кормовых добавок" при Службе ветеринарии, развития животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";
2) Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВДКТКБ";
- расмий тилде: "ЦВЛСКД".
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.
2-глава. Борбордун максаты
7. Борбордун ишинин максаты ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.
3-глава. Борбордун милдеттери
8. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнү, экспорттоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатын баалоону, каттоону жана мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашыруу.
4-глава. Борбордун функциялары
9. Тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификаттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- Борбордун компетенциясына кирген ченемдик укуктук актылардын, регламенттердин, нускамалардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгат.
10. Жөнгө салуу функциялары:
- ветеринардык дары каражаттарын, тоют кошулмаларын, ветеринардык багыттагы каражаттарды мамлекеттик каттоону, сапатын баалоону жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашырат;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын өндүрүлүшүнүн (даярдалышынын), сакталышынын, дүң жана чекене сатылышынын шайкештигине баалоо жүргүзөт;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
- ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензиялоону жүзөгө ашырат.
11. Координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- компетенциясына ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын көзөмөлдөө кирген мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- рекламацияларды карайт, маалыматтарды чогултат жана ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын колдонуунун натыйжасындагы терс таасирлерге жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзөт жана корутунду берет;
- жаныбарлар үчүн ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүргөн ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзөт;
- ветеринардык биологиялык препараттардын жана тоют кошулмаларынын эталондорун, стандарттуу үлгүлөрүн, ветеринарияда колдонулуучу микроорганизмдердин штаммдарынын улуттук коллекцияларын сактайт;
- Кызмат менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
12. Кызмат көрсөтүү функциялары:
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча ветеринардык дары каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.
13. Колдоо көрсөтүү функциялары:
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адистерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын сертификациялоо боюнча методдорду өркүндөтөт.
5-глава. Борбордун укуктары
14. Борбор өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Борбордун ишин өркүндөтүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор-өлкөлөрдүн каражаттарын жана гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- консультация берүү, окутуу, экспертиза жана башка максаттар үчүн окумуштууларды жана адистерди келишимдин негизинде тартууга;
- биринчи кезектеги милдеттерди чечүү үчүн иш чөйрөсүндө кеңештерди, комиссияларды түзүүгө;
- Кызмат менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте эл аралык долбоорлорду иштеп чыгууга катышууга;
- ветеринардык дары каражаттарын жана ветеринардык багыттагы каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды, ошондой эле ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүгө катышуучу ветеринардык адистерди окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзүүгө жана жыйынтыгы боюнча окуудан же квалификациясын жогорулатуудан өткөндүгүн ырастоочу документти берүүгө;
- Борборго жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүүгө.
6-глава. Борбордун ишин уюштуруу
15. Борборду директор жетектейт, ал Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директор жок болгон учурда анын милдеттерин убактылуу аткаруу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине жүктөлөт.
16. Борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Борбордун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. Борбордун директору:
- Борбордун ишине жалпы жетекчилик кылат жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана алардын адистеринин ортосундагы функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
- Борбордун түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдардын сметасын иштеп чыгат жана Кызматка бекитүүгө берет;
- ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын каттоо күбөлүктөрүнө жана сертификаттарына кол коёт;
- Борбордун кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- ыкчам башкарууга берилген мүлктүн сакталышы жана арналышына ылайык колдонулушу боюнча чараларды көрөт;
- жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде финансылык жана банк документтерине кол коюуга укуктуу;
- Борбордун кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Борбордун кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселени чечет;
- Борбордун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Кызматка киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Борбордун мүлкү жана каржылоо
18. Борбор өзүнө ыкчам башкаруу укугунда берилген мамлекеттик мүлккө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик жүргүзөт жана колдонот.
19. Борбордун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
20. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8-глава. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
21. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
22. Борбордун иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.