КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемеси.
Жарыяланган: 16 Янв 2026 17:35
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ветеринария чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоодо кадрдык камсыздоого карата талаптарды тартипке келтирүү жана оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү Республикасынын тутуму жөнүндө» Кыргыз Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо: – 187-пункттун 3 жана 4-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3) дүңүнөн сатууну жүргүзүүдө – арыз ээсинин жана (же) кызматкердин ветеринария жаатында жогорку билими бар экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү, ал эми чекене сатууну жүргүзүүдө – ветеринария жаатында жогорку жана (же) орто кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү; 4) иштин лицензиялануучу түрүн сапаттуу жана коопсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу квалификациялуу адистердин бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (билими жөнүндө диплом, эмгек китепчеси, эмгек келишими, ошондой эле эгерде бар болсо, адистин аттестациялык сертификаты, акыркы 5 жыл ичинде алынган квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттары жана күбөлүктөрү);»; Кол койгон: Касымалиев А.А. № 82, 10.02.2026 – 188-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1) кызматкердин жана (же) арыз ээсинин ветеринария жаатындагы жогорку же орто кесиптик билиминин жана адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;». 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жаңылыктар тизмесине кайтуу